Чын курандын 13, 2025
Убакыт: 08:25
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.030
1.070

Жогорку соттун 8 кызматкеринен коронавирус аныкталды

15.07.2020 19:51
1205
Жогорку соттун 8 кызматкеринен коронавирус аныкталды


Жогорку соттун сегиз кызматкеринен COVID-19 инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, Жогорку соттун аппаратында иштеген кызматкерлер коронавируска ПЧР-анализ тапшырып, сегиз кызматкерден COVID-19 илдети табылган. Арасында судья да бар.


Билдирүүгө таянсак, соттук жараяндар учурда штаттык режимде өтүүдө. Соттук отурумда тараптар ишке байланыштуу келбей калса же башка бир себептери болсо, сот жылат. 


Ал эми сотко кайрылууга муктаж болгон жарандардан сот имаратына келген учурда санитардык эрежелерди так сактоону өтүнөбүз, деп айтылат билдирүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн