Бугу 10, 2024
Убакыт: 12:38
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Жогорку соттун мурдагы төрага орун басары Акылбек Маткеримов дүйнө салды

29.07.2020 09:02
1023
Жогорку соттун мурдагы төрага орун басары Акылбек Маткеримов дүйнө салды

 

 

КРнын эмгек сиңирген юристи, отставкадагы судья Акылбек Маткеримов 79 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматынан маалымдашты.

 

Маткеримов Акылбек Маткеримович 1941-жылдын 23-августунда Чүй облусунун Чүй районундагы Жаңы-Турмуш айылында туулган. 1967-жылы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин юриспруденция бөлүмүн аяктаган.

 

Эмгек ишмердүүлүгүн ушул эле жылы Сокулук районундагы юридикалык консультациясынын жактоочусу болуп баштаган. 1969-1971-жылдары ССР Министрлер Советинин алдындагы Мамлекеттик арбитражда эмгектенген. 1971-жылдан баштап сот органдарында иштей баштаган. 1971-1976-жылдары Нарын облустук сотунун мүчөсү, Тянь-Шань райондук сотунун төрагасы болгон. 1976-1980-жылдары Нарын шаардык сотунун төрагасы болуп иштеген.

 

Ал эми 1980-1982-жылдары Талас облисполкомдун юстиция бөлүмүнүн  башчысы болуп эмгектенип, 1982-1987-жылдары Жогорку соттун төрагасынын орун басары болуп иштеген. Андан соң 1987-2009-жылдары жогорку сот органында судья болуп эмгек өтөгөн.

 

Маткеримов Акылбек Маткеримович сот системасында 38 жыл иштеп,  анын  өнүгүшүнө зор салымын кошкон адилет судья катары кесиптештеринин эсинде  калды.

 

Ал жасаган  эмгектер ар кандай мамлекеттик сыйлыктарга, ардак грамоталарга татып, 2000-жылы Акылбек Маткеримович “Эмгек сиңирген юрист” деген наамына ээ болгон.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн