Бугу 11, 2024
Убакыт: 20:39
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Жогорку соттун төрагасы ыкчам жыйын өткөрдү

08.01.2024 11:58
272
Жогорку соттун төрагасы ыкчам жыйын өткөрдү


Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков бүгүн ыкчам кеңешме өткөрдү, деп билдирет Жогорку соттун басма сөз кызматы.

Кеңешмеге Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нурлан Мусаев, Бишкек шаарынын жергиликтүү сотторунун төрагалары жана судья катышты.

Жыйындын жүрүшүндө Бишкек шаарынын жергиликтүү сотторунун тергөө судьялары тарабынан иштерди кароонун сапаты талкууланды. Тергөө судьялары материалдарды кабыл алууда, кароодо жана чечим чыгарууда өзгөчө этият болуусу керектиги белгиленди.

Замирбек Базарбеков тергөө судьясы — бул шектүүнүн, айыпталуучунун укуктарын жана эркиндиктерин чектөөчү чараларды колдонуучу, процесстик иш-аракеттердин жана алгачкы текшерүү органын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын, тергөөчүнүн, тергөө бөлүмүнүн жетекчисинин, прокурордун чечимдеринин мыйзамдуулугу үчүн соттук контролду жүзөгө ашыруучу судья экенин эске салды. Ошондой эле судьялар сот бийлигин алып жүрүүчүлөр экендигин баса белгилеп, судьялар корпусунун көз карандысыздыгын камсыз кылуунун маанилүүлүгүнө басым жасады.

Ошону менен бирге мыйзамдын талаптарын жана ченемдерин так сактоону талап кылып, коррупциялык көрүнүштөрдү болтурбоо жана судьялар тарабынан процесстик бузууларды жоюу маселесине өзгөчө көңүл бурду.

Жыйынтыгында ал ар бир мыйзам бузуу үчүн судьялар белгиленген жоопкерчиликке тартылышы керектигин айтып, эч ким жазасыз калбашы керектигин баса белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн