Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын төрагасы Карыбек Дүйшеев кызматынан кетүү тууралуу арыз жазды. Бул тууралуу Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытов Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде билдирди.
Анын айтымында, Карыбек Дүйшеев кызматынан кетүү тууралуу арызын өз каалоосу менен жазган.
Алмасбек Абытов Жогорку Кеңештин депутаттарынан Карыбек Дүйшеев менен Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакированын арызын канааттандырууну суранды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн