Бирдин айы 17, 2025
Убакыт: 01:58
USD
87.30
87.80
EUR
91.30
92.30
RUB
0.940
0.990

Жогорку жана Конституциялык соттордун төрагалары жолугушту

21.11.2024 09:51
150
Жогорку жана Конституциялык соттордун төрагалары жолугушту


Жогорку соттун жана Конституциялык соттун төрагалары жолугушту.

Жогорку соттон маалымдашкандай, тараптар өз ара натыйжалуу кызматташууну жакшыртуу багытындагы бир катар маселелерди талкуулашты. Алардын катарында, “2023-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги системасын өнүктүрүү” мамлекеттик максаттуу программасын” ишке ашыруу аркылуу сот тутумун жакшыртуу, санариптештирүү, сот тутумунун каржылык көз карандысыздыгын камсыздоо жана бирдиктүү сот практикасын иштеп чыгуу маселелери камтылды.

Ошондой эле Жогорку соттун өкүлчүлүк институтун Конституциялык сотто киргизүү жана жарандардын укуктук маданиятын жогорулатууга багытталган биргелешкен чаралар боюнча маселелер каралды.

Белгиленгендей, иш-чарага Жогорку соттун төрагасынын орун басарлары Нурлан Мусаев, Нургүл Бакирова, Жогорку соттун судьясы Айбек Давлетов, Жогорку соттун төрагасынын кеңешчиси Руслан Мырзалимов, ошондой эле Конституциялык соттун судьялары жана аппарат жетекчиси катышты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн