Бугу 17, 2024
Убакыт: 05:58
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Жол белгилерин уурдаган өспүрүмдөр кармалды

Жол белгилерин уурдаган өспүрүмдөр кармалды

Бишкекте жолдун жээгиндеги жол белгилерин уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.


Маалыматка ылайык, 26-апрель күнү болжол менен саат 21:45 чамасында Бишкек ШИИББинин “102” кызматына Василиева-Кызыл-Кыя көчөлөрүнүн кесилишинен жол белгилерин уурдап жатат деген маалымат келип түшкөн.


1988-жылы туулган Б.А. аттуу жаран белгисиз жарандар жолдун жээгиндеги жол белгилерин уурдап жаткандыгын кабарлаган. Чакыруу менен барган милициянын кайгуул кызматкерлери ошол замат чечим кабыл алып, ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, кылмыштын изи сууй электе шектүү катары 2005-жылы туулган Д.Н. жана 2004-жылы туулган Б.А., ошондой эле 2005-жылы туулган О.М. аттуу жарандар кармалып, Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматына жеткирилген.


Бул факты боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн