Бугу 04, 2024
Убакыт: 11:14
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Жол эрежесин бузган самокатчыларга айып пул салынат. ЖК комитети мыйзам долбоорун жактырды

23.04.2024 16:51
97
Жол эрежесин бузган самокатчыларга айып пул салынат. ЖК комитети мыйзам долбоорун жактырды


Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети электр самокаттарын эксплуатациялоого байланышкан маселелерди чечүүгө багытталган мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды.


“Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө” мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр киргизилүүдө. Демилгечилер – депутаттар Марлен Маматалиев, Медербек Саккараев, Медетбек Алиев, Дастанбек Бекешев жана Сейдбек Атамбаев.


Документтер электр мотороллер, электр скейтборддор, гироскутерлер, сигвейлер, моноколесо жана башка ушул сыяктуу аппараттардын иштөөсүнө байланышкан маселелерди чечүү үчүн иштелип чыкканы белгиленген.


Долбоорго ылайык, жол эрежесин бузгандарга 10 эсептик көрсөткүч (1 миң сом), мас абалында эреже бузгандар үчүн 30 эсептик көрсөткүч (3 миң сом) өлчөмүндө айып салынат.


Мобилдик унааларды ижарага берген компаниялар ижарачыларды окутууну талап кылып, жаш курагына чектөө киргизиши мүмкүн.


Депутаттар электр самокаттарынын жана башка жеке кыймылдоо каражаттарынын кыймылынын натыйжасында жабыркагандар менен болгон кырсыктар көбөйүп жатканын белгилеп, мыйзам долбоорун колдошту.


Баяндамачылар электр скутерлери менен ховерборддор кыймыл үчүн велосипед жолдорун колдонушу керектигин белгилешти.


Документ жакында Жогорку Кеңештин кароосуна коюлат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн