Жол эрежелерин бузуудан чогултулган айып пулдун көлөмү 45%га аткарылбай калды. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев депутат Мирлан Жеенчороевдин « Коопсуз шаар» кандай деӊгээлде өнүгүп жатканы тууралуу суроосуна жооп берип жатып билдирди.
"Долбоор сунушталып жатканда 900 млн сом чогултабыз дедиӊер эле, план толук ишке ашпай калды. Учурда эрежелерди бузууда айып пулдун көлөмү 592 млн сомго гана чогулду”, - деди депутат.
Мухаммедкалый Абылгазиев 45% чогултулбай калган айып пулду элдин жол эрежелерин сактап, кылдат көӊүл буруп калганы менен байланыштырды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн