Россиянын жол кайгуул кызматынын кызматкери 19 жаштагы баланын башына атып алды. Бул тууралуу "НТВ" каналы билдирди.
Маалым болгондой, окуя 29-майда орун алган.
Кайгуул кызматкерине баш ийбеген айдоочуну эки кайгуул кызматкери зордоп унаасына отургузууга аракет кылып жатканда анын досу келип кызматкерлерге тоскоолдук кылган. Кызматкерлердин бири аны тоскоолдук кылбашы үчүн тапанча менен коркутуп жатып, башына атып алган.
19-жаштагы жаран ооруканага түшкөн, кайгуул кызматкерге кылмыш иши козголгон.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн