Бүгүн, 30-июлда Бишкек шаардык кеңешине жаңы шайланган депутаттар өз ишин баштамакчы. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кайрат Маматов аларга төш белги жана күбөлүктөрүн тапшырды. Ал эми депутаттар ант беришти.
Эскерте кетсек, 11-июлда Бишкек шаардык кеңешине кайрадан өткөн шайлоодо 6 партия мандатка ээ болгон.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн