Чын курандын 19, 2025
Убакыт: 04:41
USD
86.90
87.40
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

Жол кирени накталай чогулткан үч автобустун айдоочусу иштен бошотулду

28.09.2023 11:09
530
Жол кирени накталай чогулткан үч автобустун айдоочусу иштен бошотулду


Жол кирени накталай чогулткан үч автобустун айдоочусу иштен бошотулганын борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.


«Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт ишканасы» муниципалдык ишканасында мыйзам бузуучуларга чара көрүү боюнча комиссиянын жыйыны болуп өттү. Жол кире акысын накталай алган айдоочулардын иши каралып чыкты.


Натыйжада №6 каттамдын айдоочусу Султанбек Ж., №36 каттамдын айдоочусу Макен К., №195 каттамдын айдоочусу Давутгул М. иштен алынган.


Мэрия жол киренин накталай кабыл алган автобус жана троллейбус айдоочуларына катуу чаралар (анын ичинде иштен алуу) көрүлөөрүн белгиледи.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн