Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 12:58
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Жол киренин көтөрүлүшү боюнча мыйзам долбоору талкууга коюлду

02.02.2021 12:16
582
Жол киренин көтөрүлүшү боюнча мыйзам долбоору талкууга коюлду


Бишкек мэриясы тарабынан коомдук транспортто жол кирени көтөрүү боюнча мыйзам долбоору талкууга коюлду. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы маалымдады. 

Маалыматка ылайык, өкмөттүн 2020-жылдын 30-сентябрындагы № 504 токтомуна ылайык, Бишкек шаарынын мэриясы ченемдик укуктук актынын долбоору иштелип чыккандыгы жөнүндө билдирет жана укуктук жөнгө салуунун талкууланып жаткандыгын, ошондой эле кызыктар тараптардан сунуштарды чогултуп баштагандыгын жарыялайт.

Белгилей кетсек, 18-январда Бишкекте маршруттук таксилердин санынын азайгандыгы байкалган. Бир нече күн коомдук транспорттун айдоочулары шаар бийлигине жол киренин акысын көтөрүү өтүнүчү менен кайрылышкан. Болбосо алар ишке чыкпай тургандыгын билдиришкен. Кийинчерээк мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев айдоочулар менен жолугуп, маселени чечип берүүнү жана Экономика министрлигине бул маселени карап берүү боюнча кат жибериле тургандыгын билдирген

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн