Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 13:56
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Жол кырсыгына кабылган вице-мэр Ырсалиев ооруканадан үн катты

28.07.2021 08:36
1552
Жол кырсыгына кабылган вице-мэр Ырсалиев ооруканадан үн катты


Коңгуроо! 


Ооруканада бир палатада эки оорулуу жатат экен. Абдан катуу ооруп ичээр суусу аз калгандар. Бирөөсү терезенин түбүндө жатып алып жанында жаткан бейтапка терезеден көргөнүн айтып берет. Биздин терезенин түбүндө бир түп чоң дарак бар. Ар кандай чымчыктар келет. Жалбырактары жап-жашыл бир башкача керемет бак. Шамалга жалбырактары дирилдеп жатат. Шамал басылды. Мемиреп калды... Күнгө баягы бактын жашоосун конуп жаткан канаттуулардын кооздугун сүрөттөп айтып берип жатчу экен. Экинчи оорулуу адамдын жанында меникиндей врач чакырган коңгуроо болот. Бир күнү терезенин түбүндө жаткан шериги аба жетпей баратат. Коңгуроону басчы? Врач чакырчы? Дем жетпей калды деп жалынат. Коңгуроону басымыш болуп,врач келбей жатат деп жата берет экен. Терезенин түбүндө жаткан шордуу үзүлүп кетет экен. Врачтар келип ызы-чуу болуп сүйрөп чыгып кетишет. Беш күндүк өмүрүм калганда мен да терезенин түбүндө жатып, дарактарды ага келген канаттуулардын кооздугун карап жатам деген ой менен, коңгуроону басып врачты чакырат да,мени терезенин түбүнө жаткыргылачы деп суранат. Врач унчукпастан керебетин жылдырып берет да чыгып кетет. Терезени караса эле дарак жок... жөн эле жылаңач дубал. Эч нерсе көрүнбөйт. Көрсө тиги байкуш шеригин алаксытыш үчүн даракты ойлоп таап, жаны кыйналып жатканына карабай дүнүйөнүн кооздугу менен алаксытып жатчуу экен. Терезенин түбүнө жеткен соң, сонун адамга коңгуроо басып берип койбой, врач келбей аба жетпей үзүлгөнүн элестетип, өкүнүп солкулдап ыйлап баштайт. Өзүнө аба жетпей кыйналып жатканда, коңгуроо баса албай калат да бул жарыкчылык менен кош айтышат...


Кудай бизди көралбастык менен ичи тардыктан сактасын. Баарыбыз бири-бирибизди колдоп жардам берип жашайлы. Султан Сулайманга буюрбаган бул дүйнө сиз экөбүзгө буюрмак беле?...Беш күндүк жалганда жөн гана адам деген атка татыктуу болуп, жаркырап жашап өтүп кетсек кандай бакыт. Сен төрөлгөндө жалгыз сен бакырып ыйлап түшүп, башкалар күлүп тосуп алган. Сен өмүрдөн өткөн кезде баары бакырып ыйлап, жалгыз сен күлүп узап кеткендей жаша дегенди эсиңден чыгарба Досум! Кудай татыктуу өмүр сүргөндү баарыбызга насип этсин. Өмүрүбүз узун болсун. Баарыңыздарга ден-соолук жана ишиңиздерге ийгилик каалайм. Бизге жакшы тилек арнап Кудайдан тезирээк сакайып кетсин деп тилеп жаткан ар бириңиздерге терең ыраазычылык билдирем. Кырсык деген айттырбай келет экен. Бир тууган карындашым жыйырма жыл мурун Базар-Коргонго турмушка чыккан. Тун кызын узатып тойго чакырган. Ишемби күнү учуп барып жекшемби кайтып келе жаткам.Машинаны Асан дос башкарып келе жаткан. Үч үй-бүлө элек. Баарыбыз аман калдык. Кудай чоң сактады. Денеден алган жаракаттар буюрса айыгат. Жүрөктөн жаракат албайлы достор. Бири-бирибизге жакшылык каалап койгонго ар бирибиздин дараметибиз жетет. Эч качан жаман ойлобостон,жакшылык тилейли. Ниетибиз түз болсун. Баардык иштерибиз ниетбизге жараша болот...


Сиздерди терең урматтоо менен чын жүрөктөн сүйгөн замандашыңар жана досуңар Жамалбек Ырсалиев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн