Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 05:26
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Жол курууда мамлекетке зыян келтирген деген шек менен депутат кармалды

05.03.2021 19:20
1188
Жол курууда мамлекетке зыян келтирген деген шек менен депутат кармалды

Бүгүн, 5-мартта Каракол шаардык кеңешинин депутаты Чолпонбаев Турганбек УКМКнын кызматкерлери тарабынан Ысык-Көл облусунда кармалды. Бул тууралуу "Кактус.медиа" сайты жазды.


Маалыматка ылайык, аны менен бирге, анын тууганы Кыргыз Республикасынын Жол, архитектура жана коммуникация министрлигинин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Кудайкул Күчүков кармалган.


Алдын ала маалыматка караганда, алар жолдорду куруу боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган. Жолду оңдогон ишкана буга чейин шаардык кеңештин депутаты Чолпонбаевге таандык болгон.


Туганбек Чолпонбаев шаардык кеңешке "Эмгек" партиясынан  ат салышып жатканы белгилүү болду.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн