Бугу 17, 2024
Убакыт: 11:27
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Жол убактылуу жабылат. 30-майдан 3-июнга чейин Боом капчыгайында таш кулатылат

27.05.2022 17:16
1011
Жол убактылуу жабылат. 30-майдан 3-июнга чейин Боом капчыгайында таш кулатылат

 


“Кыргыз темир жолу” УК”МИ 2022-жылдын 30-майдан 3-июнга чейин Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 129-чакырымында (Боом капчыгайы, темир жолдун 3899 км) коркунуч жараткан таштарды түшүрүү жумуштары жүргүзүлөт. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.


Маалыматка ылайык, жумуштар КР ИИМ Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жолду жарым-жартылай тоскондон кийин күндүз жергиликтүү убакыт боюнча саат 09:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт.


Жолду тазалоо учурунда транспорт бир тилке боюнча багытталат. 30-40тан ашык унаанын топтолушу менен таштарды түшүрүү иштери токтоп, унааларды өткөрүүгө уруксат берилет.


Иш-чаралар таш кулоо коркунучун алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө.




Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн