Бугу 15, 2024
Убакыт: 06:54
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Жоламан Шаршенбеков Алматыда өткөн рейтингдик мелдеште коло медаль утту

02.06.2022 20:04
1302
Жоламан Шаршенбеков Алматыда өткөн рейтингдик мелдеште коло медаль утту

Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков Казакстандагы күрөш боюнча Bolat Turlykhanov Cup эл аралык рейтингдик мелдеште коло медаль жеңди. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында айтылат.


Мелдеш 2-5-июнь күндөрү Алматы шаарында өтүп, балбандар кыз-келиндер арасында, эркин жана грек-рим күрөшү боюнча күч сынашууда.


Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча 60 кг салмакта килем үстүнө чыгып келсе, бул жолу 63 кг салмакта күрөштү. Алгачкы кармашта түркиялык балбан Керем Камалга жеңилип калды. Атаандашы финалга чыккандыгы үчүн кыргызстандык балбан коло үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды.


Үчүнчү орун үчүн Жоламан казакстандык Мейрамбек Айнагуловго каршы күрөшмөк. Бирок казак балбаны белгисиз себептерден улам килем үстүнө чыккан жок. Мындан улам жеңиш кыргыз балбанына ыйгарылды.


Эскерте кетсек, Жоламан Шаршенбеков үстүбүздөгү жылы Монголиядагы грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатында алтын медаль уткан.


 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн