Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 11:19
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Жоламан Шаршенбеков Дүйнө Кубогунун чемпиону болду

15.12.2020 08:57
653
Жоламан Шаршенбеков Дүйнө Кубогунун чемпиону болду

Жоламан Шаршенбеков Сербияда өткөн күрөш боюнча  Дүйнөлүк Кубоктун алтын медалын жеңип алды.


Кыргызстандык грек-рим күрөшү боюнча 60 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, 1/8 финалдан баштап, беларусиялык Максим Казарскийди жеңип алган.


Чейрек финалда Шаршенбеков 2019-жылы Европа чемпиону жана 2018-жылы вице-чемпион болгон молдовалык Виктор Себануну 8:0 эсебинде жеңип алды.

Жарым финалда Шаршенбеков түркиялык Ахмет Уяр менен беттешип, 5: 1 эсебинде жеңишке жетип, финалга чыкты.


Чечүүчү күрөштө атаандашы орусиялык Степан Марянян болду. Россиялык 4: 0 менен алдыда келе жаткан, бирок экинчи бөлүктө кыргыз балбаны  4 упай топтоого жетишти.

4: 4 эсеби менен күрөш аяктап, Жоламан Шаршенбеков 2020-жылдагы Дүйнө чемпиондугунун жеңүүчүсү болду.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн