Грек-рим күрөшү боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону Жоламан Шаршенбеков Кыргыз Республикасынын желегин алмаштырууга каршы чыгып, мындан аркы таймаштарга дагы дал ушул желектин астында чыга турганын билдирди. Бул тууралуу ал журналисттерге билдирди.
«Мен желекти алмаштырууга каршымын. Алар өзгөртүүгө байланыштуу эч кандай чыгым болбой турганын айтышты. Менде эски желек бар. Жаңысын сатып алууну пландаган эмесмин», - деди ал.
Эске сала кетсек, кечээ Жогорку Кеңеш желекти өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун үч окууда карап, талкуусуз кабыл алган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн