Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 14:56
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Жоламан Шаршенбеков “Жылдын мыкты балбаны” наамына көрсөтүлдү

19.12.2022 13:37
1163
Жоламан Шаршенбеков “Жылдын мыкты балбаны” наамына көрсөтүлдү


Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Жоламан Шаршенбеков 2022-жылдын жыйынтыгы менен “Жылдын мыкты балбаны” наамына көрсөтүлдү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Жоламан Шаршенбеков 2022-жылы алты медаль жеңген. Дүйнө чемпионатында, Азия чемпионатында жана Ислам оюндарында алтын медаль, эл аралык Wladyslaw Pytlasinski Cup турниринде күмүш медаль жана рейтингддик Turlykhanov Cup, эл аралык Dan Kolov - Nikola Petrov Tournament мелдешинде коло байгеге ээ болгон. Жыйынтыгында жалпы 55 миң упай менен дүйнөлүк күрөш уюмунун тизмесинде 60 кг салмак категориядагылар арасында 1-орунга чыккан.

Мындан сырткары, грек-рим күрөшү боюнча “Жылдын мыкты балбаны” наамына азербайжандык Элданиз Азизли, түркиялык балбандар Бурхан Акбудак жана Риза Каялп, сербиялык Зураби Датунашвили талапкер болушту.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн