Бугу 02, 2024
Убакыт: 21:17
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Жоламан Шаршенбеков дүйнө чемпионатында ийгилик жарата алды

09.10.2021 23:11
1188
Жоламан Шаршенбеков дүйнө чемпионатында ийгилик жарата алды


Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатынан күмүш медаль утту. Бул тууралуу United World Wrestling уюмунун сайтында айтылат.


Ал 60 килограмм салмак категориясы боюнча килемге чыгып, алтын үчүн кармашта мекендешибиз молдовалык Виктор Чобануга 3:9 эсебинде упайды алдырып, күмүш медалга татыды.


Эскерте кетсек, ушул күндөрү Осло шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында Айсулуу Тыныбекова менен Мээрим Жуманазарова алтын, Айпери Медет кызы (кыз-келиндер арасында) коло, Эрназар Акматалиев күмүш, ал эми Алибек Осмонов (эркин күрөш) коло медаль багындырды.

Кыргызстандын атынан Дүйнө чемпионатына жалпы 15 балбан аттанган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн