Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 01:34
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Жоламан Шаршенбековго Mercedes-Benz W211 үлгүсүндөгү автоунааны белек кылышты

21.12.2020 08:57
702
Жоламан Шаршенбековго Mercedes-Benz W211 үлгүсүндөгү автоунааны белек кылышты

Дүйнө кубогунун 60 килограммдык салмак даражасынын чемпиону болгон Жоламан Шаршенбековго Mercedes-Benz W211 үлгүсүндөгү автоунаа белек кылышты. Бул тууралуу балбан жигит Instagram социалдык тармагындагы баракчасы аркылуу билдирди.


“Сажда групп” компаниясына, т.а. Анвар Илшатович жана Азиз Серекбаевичке терең ыраазычылыгымды билдирем!” – деп жазган Жоламан Шаршенбеков.


Белгилей кетсек,  Жоламан Шаршенбеков финалдык беттеште россиялык Степан Марянян менен күрөшкөн. Беттеш 4:4 эсебинде аяктап, акыркы аракетти жасаган артыкчылыгы үчүн Жоламанга жеңиш ыйгарылган.


Ошондой эле, Дүйнө кубогунда Руслан Царев 72 килограммдык салмак ченде Кыргызстандан күч сынашып, коло медалга ээ болду. Бул жеңиши үчүн ага Тойота Камри 50 үлгүсүндөгү унаа белекке берилди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн