Бүгүн, 1-мартта Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов Бишкек шаарындагы унаа тыгындары боюнча маселени чечүүнү сунуштады.
Анын айтымында, жогорку кызмат адамдарынын кортеждеринин айынан Бишкекте чоң тыгындар пайда болууда.
"Эртең менен жана кечинде жумуш саатынан кийин көчөлөр тыгын болуп калып жатат.
Урматтуу төрага, кортеж маселесин бир карап чечип койсок. Канчалаган адамдар тыгындарда калып кетип жатат",- деди депутат Икрамов.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн