Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 19:54
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.972

Жолдошбек Орозов, эксперт: “Бизде салыктын түрлөрүн окутуу, түшүндүрүү иштери жетишпей атат”

19.12.2023 15:17
1240
Жолдошбек Орозов, эксперт: “Бизде салыктын түрлөрүн окутуу, түшүндүрүү иштери жетишпей атат”


- Салык төлөө, ККМди киргизүү боюнча учкай түшүндүрмө бере кетесизби?


Дүйнөдөгү баардык өлкөлөрдө салык бар. Салык – мамлекетте жашап иштеп жаткан адамдардын ар түрдүү иш аракеттери же туруктуу бир жерде иштеген жеринен мамлекетке төлөнүп турчу төлөм. Албетте, мамлекетте өндүрүш көп болсо, ошончо киреше көп болот. Эми калыстык үчүн айтышыбыз керек, Кыргызстанда жашап жаткан адамдар салык төлөмдөрүнүн баардык түрүн төлөшү керек. Андан түшкөн акча аркылуу бюджеттик негизде иштеп жаткандарга, мисалы, мугалимдер, медиктерге ж.б. кызматтагыларга айлык акы, андан тышкары, пенсияга төлөнүп турушу керек. Эгер салыктын түрлөрү төлөнбөй калса, мамлекетте өнүгүү болбойт. Биз, адамдар бейжайлыкка, беттырмарлыкка көнүп алгандайбыз. Кыргызстанда эмне көп: базар, ресторан, кафелер, алар буга чейин салык төлөмдөрүн азайтышып, же болбосо жаап-жашырып төлөбөй келишкен. Бир сөз менен айтканда, салык төлөмдөрү мамлекеттик казынага аз түшүп турган. Мына ошондойлорго ККМди киргизүү өтө өөн учурап жатат. Ошондуктан өздөрүнүн каршылыктарын билдиришүүдө. Өзгөчө чоң базарда иштегендердин товарларды айланткан суммасы ачыкка чыгышы керек. Бул жерде үлкөн бажы, салык кызматтары менен байланышкан коррупциялык көз жаздымдар бар. Мына ушуларды катуу көзөмөлгө алып, бетин ачуу зарыл. Мисалы, Кытайдан келген товарлардын жылдык эсеби (суммасы) 6-8 миллиард долларды түзсө, бизге келгенде мунун жарымы гана көрсөтүлөт. Кытай мамлекети ар бир жөнөтүлгөн товардын эсебин катуу көзөмөлдөйт. Ошондуктан, ар бир базарда иштеген сатуучулардын келген товарларын килограммы менен көз жаздым кылбай, ачык-айкындык менен бажыдан өткөрүп, төлөмдөрүн алып туруу керек. Бул жерде мамлекет тарабынан бажы төлөмдөрүн базарда иштегендердин талабына ылайыктап иштетүү зарыл. Эгерде көтөрүп жиберсек, товарлардын да баасы кымбаттайт, демек, кимге күч келет? Албетте, элге да. Жоопкерчиликтен качуу аракеттерин да кылышат. Эң негизги нерсе, салык саясаты туура эле кирип жатат. Бирок ар бир жарандын сатып жаткан товарларынын суммасы сегиз миллиондон ашпаса, салык төлөөнүн коркунучу деле жок. Чегинен ашса башка кеп. Кыргыз элине салыктын түрлөрү боюнча терең окуу, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү өз максатына жетпей жаткансыйт. Канткен менен элге толук түшүндүрүү иштери жүргүзүлсө, жөнгө салынат эле. Кемчилик болбой койбойт, эл менен кеңешип кессе, баардыгы ордуна келет. 


Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн