Бугу 17, 2024
Убакыт: 10:01
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Жолдошева: Энергетиктерди да "кустура" турган убак келди

24.06.2021 07:56
1263
Жолдошева: Энергетиктерди да "кустура" турган убак келди


Мекендештер, мага күнүнө ар түрдүү суроолор менен кайрылышат. Бүгүн, анда эмесе электро энергияга болгон баа боюнча өз оюмду, дагы бир ирет айта кетейин кийинчерээк башка маселе боюнча айтармын.


Тилекке каршы, Садыр Жапаров президенттик тактыга отура электе, шайлоо учурунда элибизге убада берген: "Электр энергиясынын тарифин 77 тыйын боюнча калтырам, 700 КВттык чектөөнү алып салам", - деген. Ага баарыбыз күбөбүз. Бирок, убадасына турган жок, анткени реалдуу жашоо өзүнүн нугуна буруп койду.


Электр энергиясынын тарифин 1 сомдон керек болсо 1 КВт=1 сом болушу да, биздин жарандар үчүн өтө кымбат деп 2010 жылдан бери айтып келем.


Себеби, элибиздин жашоо шарты биз каалагандай эмес...жашоо оорлошуп кетти.


Энергетиктер айтат: "Коңшу өлкөрдө электр энергиясынын баасы кымбат". Туура, кымбат...бирок, аларда алтернативдйүү отун (топлива) бар. Арзан көмүр жана газ. Биздечи? Керек болсо өзүбүздөн чыккан көмүрүбүз да кымбат. 1$ долларга саткан газды айтпай эле коёюн. Ошондуктан, алар менен биздеги абалды салыштырбагыла, урматтуу энергетиктер. 


Бийлик, элдин жонун тилип, анысы аз келгенсип тилинген жерине туздан сээп, андан соң тарифти көтөрбөгүлө.


Таң калыштуу нерсе, энергетиктер айтып жатат: "жарандарыбыз, телефонуна акча салып жатпайбы?"- дешет. Кедей жашаган элибизге, билесиңерби кандай жардам берип жатат, ошол телефон? 1000 км аралыктагы маселени, илгери телефон жок мезгилде жол кире коротуп, келип жүрсөң, азыр жөн эле таанышыңа айтсаң телефондон ошол маселе бүтүп калат. Элдин телефону силердикиндей миңдеген долларлык эмес. Дагы биздин жарандар, ошол "китайский" телефону менен мигрант балдары менен сүйлөшүшөт...


Айтайын дегеним, Садыр Нургожоевич, эркиңизди бир муштумга түйүп, Ширшов түзүп кеткен схеманы түп тамыры менен жок кылып, Ширшовтун схемасы менен иштеген энергетиктерди, энерго системасынан кууп чыгып, жоготууну (потеряны) азайтып, келген гранттарды изилдеп, азыр "кустуруу" операциясын жакшы өздөштүрүп алдыңар, анда энергетиктерди да "кустургула".


Бирок, элди кыйнабагыла жана кыжырына тийбегиле. Жогорудагы сунушту, эске алсаңыз Президент мырза, анда өз убадаңызды аткарган болот элеңиз, б.а. 1 КВт электр энергиясын 77 тыйындан калтырып, чектөөнү алып салуу менен.


Садыр Нургожоевич, Сизге ийгилик каалайм.


Жылдыз Жолдошова, ЖКнын экс-депутаты

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн