Бугу 17, 2024
Убакыт: 10:01
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Жолдошова: Алымкадыр Бейшеналиевди кызматтан алуу үчүн дагы канча адам өлүш керек?

02.07.2021 12:40
1493
Жолдошова: Алымкадыр Бейшеналиевди кызматтан алуу үчүн дагы канча адам өлүш керек?

Биздин республикабыздын эгемендүүлүккө ээ болгонуна 30 жыл толду.

Өкүнүчтүүсү, ар бир келген президенттер, КРнын Конституциясына колун коюшуп ант беришет. Мамлекеттин суверенитетин сактоо менен, жарандарыбыздын эркиндигин, укугун камсыз кылам деп.

Аттиң, андай болбой, Ош окуясы болуп өтсө...

Быйыл Баткен окуясы болду. 44 жараныбыздан айрылдык. Бийлик төбөлдөрүнөн бирөөсү жазаланмак турсун, кечирим сурап коюшкан жок.

Ал эми коронавирус күч алып, күнүнө миңдеген жарандарыбыз азап чегип, өлгөнү өлүп жатса, бирөөсүнүн "кылы" кыйшайып койгон жок. "Чымын" өлүп жаткандай.

Айланайын Садыр иним, канча кыргызстандык дагы каза болуш керек, мобу Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди кызматтан алыш үчүн?

Берилген ант аткарылыш керек, урматтуу Президент мырза?


Жылдыз Жолдошова

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн