Кечээ, 2-мартта Аламүдүн районуна караштуу Байгелди айылына жакын тоого жолдошу менен эс алганы барган 49 жаштагы М.А. аттуу аял бутун сындырып алган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Жаранга жардам көрсөтүү үчүн жерине Аламүдүн райондук ӨК бөлүмүнүн 4 куткаруучусу тартылган.
Адистер куткаруу шаймандарынын жардамы менен жабыркаган аялды тоодон алып түшүп, "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен. Учурда абалы туруктуу.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн