Бугу 16, 2024
Убакыт: 13:49
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Жолдошум УКМКда иштейт деп блок посттон өтүүгө аракет кылган аялдын өздүгү аныкталды (видео)

01.04.2020 13:52
866
Жолдошум УКМКда иштейт деп блок посттон өтүүгө аракет кылган аялдын өздүгү аныкталды (видео)


Ош шаарында жолдошум УКМКда иштейт деп блокпостон өтүүгө аракет кылган аялдын өздүгү аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдирди.


Окуя 31-мартта Ош шаарынын өткөрмө пунктарынын биринде 15:00 чамасында орун алган.


Маалыматка ылайык, шектүү Токтомушева Зарема Жанышбековна УКМКнын Ош шаардык жана Ош облустук башкармалыгынын медициналык пунктунда жарым күндүк ставкада жана Ош шаардык ооруканасында дарыгер болуп эмгектенген Гамил Амановдун аялы болуп чыкканы кабарланат.


Маалыматка таянсак бүгүн, 1-апрелден тарта УКМК дарыгер менен келишимди бир тараптуу токтоткону кабарланат.


Ал эми шектүүгө 355-берене (бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө жүрүп жатканы айтылат.




Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн