Кулжа 19, 2024
Убакыт: 04:09
USD
86.90
87.80
EUR
93.40
94.40
RUB
0.955
1.000

Жолдошунан өч алуу үчүн наристесин сабаган эненин балдары коопсуз жайга жайгаштырылды

31.01.2023 09:22
837
Жолдошунан өч алуу үчүн наристесин сабаган эненин балдары коопсуз жайга жайгаштырылды

Баткен облусунун Кадамжай районунда энесинен таяк жеген наристе бир туугандары менен кошо коопсуз жайга жайгаштырылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.


Маалыматта Эмгек министрлиги жогоруда аталган окуяны көзөмөлгө алганы айтылган. Ага ылайык, социалдык тармактарда энеси М.Ш. сабап жаткан наристе кыз 2 жашта экени, мындан тышкары, ал аялдын өспүрүм курактагы дагы эки баласы бар экени аныкталган.


“Аталган факт 2023-жылдын 30-январында Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы Балдар иши боюнча комиссияда каралып, балдарды коопсуз жайга жайгаштыруу боюнча комиссиянын чечими чыкты. Анын негизинде балдар Совет айыл аймагында жайгашкан “Кут кадам” үй-бүлө тибиндеги үйгө жайгаштырылды”, — деп жазылат маалыматта.


Министрлик ошондой эле М.Ш. үч баласына 2022-жылдын июль айынан бери “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулун (3 600 сом) алып келерин билдирген.


Эске салсак, бүгүн Кыргызстандагы социалдык тармактарда энеси баласын сабап жаткан видео тарап, көпчүлүктүн нааразычылыгын жаратты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн