Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 03:21
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Жолдун баары эле түз эмес…Садык Шер-Нияз Россия менен Украина мамилеси жана Кыргызстан тууралуу

06.03.2022 10:41
5078
Жолдун баары эле түз эмес…Садык Шер-Нияз Россия менен Украина мамилеси жана Кыргызстан тууралуу

Жолдун баары эле түз эмес…

    Бул ой толгоону жазып жатканым, азыркы учурда ар тараптуу маалыматтардан сиздин да менин да эсибиз чар жайыт болуп турган убак. Казакбаев менен Лавровдун жолугушуусунан кийин ТИМдин дарегине да ар кандай ойлор айтылып жатат. Деги эле бул опурталдуу убакта ар ким өзүнүн билгенин дареметине жараша сабыр калчап, айтып түшүндүрүп бере алса анда мүмкүн бул дагы жардам чыгаар. 

   Кыргызстан эгемендүү өлкө деп жар салып кыйкыра бергенден ошондой болуп кетсе анда аянттан күнү түнү эле кыйкыра берип ишти бүтүрүп алсак кана. Урматтуу мекендешим Кыргызстан салыштырмалуу аябагандай экономикалык алдыда эмес, бирок кайраты бар, келечеги бар, тилеги бар бутуна жаңыдан туруп келе жаткан өлкө. 

    Качан биз дымактуу өлкөгө айлана алабыз? Менин оюмча эгерде биз бири бирибизди түшүнүп, баардык жаатта: мейли саясат, мейли экономика же болбосо эл аралык байланыш деги кайсыл тарап болбосун сабыр менен акыл калчап иш алып бара алсак анда бир 20-30 жылда тыңып калмакбыз деп ойлойм. 

   Азыр көп учурда “эчкибизге карата ышкырып” жүрөбүз. Аны биз чет жакта жүргөн элчилер анык байкайт экенсиң. Ичиңден ирим өтүп жатса да жылмайып турасың. Айтайын дейсиң, ага деле акылың жетет бирок сенин сөзүң мамлекетиңдин сөзү, жеке оюңду айтууга акың жок. Мен Россиянын, Туркиянын, Казакстандын жана да башка илгериден бери тарыхы бир, жакын мамлекеттердин элчилерине суктанам. Анткени “ит уялашынан коркпойт болуп” болуп элчилерибиз “эшик тээп” эле кирип барып арбын иштерди чечип жатышат. Дагы кудайга шүгүр ЮНЕСКО бар экен ошол жактан бугубузду чыгарып алып жатабыз))). 

      Кечээ Украина элчисин чакыртып алды. Бул эл аралык байланышта “үлкөн” чатак болуп эсептелинет бурадарым. Мындай нерселер эл аралык мааниде арга калбай калгандагы “акыркы кадам”. Керек болсо Украина Крымды сегиз жыл талашып, “Орусия биздин жерди басып алды” деп бүткүл дүйнөгө айыптап жаткан учурда да сегиз жыл элчилиги иштеп турган. Ошол эле учурда Украинага ООНдон “каршы” добуш берген мамлекеттерден да бир дагы элчисин чакыртып алган жок. Дагы мени кубандырганы биздин мамлекеттин, ТИМдин буга сабыр менен жооп кайтарганы кеменгерлик болду деп ойлойм. Бир кезде бирге болгон тарыхыбыз үчүн, азыркы кан күйүп жаткан кырдаал үчүн, Украинанын башына түшкөн мүшкүл үчүн туугандык жооп берилди. 

    Согуш жаман. Согуш кантип жакшы болсун. Кыргызстан деле ошону айтып жатат. Болгону ал акыбалына карата айтып жатат. Ар бир мамлекет алына карата айтып жатат, керек болсо дүйнөнү силкинткен державалар Зеленскийдин “абаны жаап бергиле” деп кан какшап айткан суранычына кечээ “ ооба моралдык жардам беребиз, согуш куралдарын беребиз (аны да чактап беребиз, учактарды бере албайбыз) анткени Оруссия менен түздөн түз конфликте барбайбыз дешти. Аларды да түшүнсө болот анткени ар бир мамлекет үчүн биринчи өз граждандарынын коопсуздугу керек. Анткени бул түшүнүк ошол мамлекетүүлүктүн өзөгү. 

    Ооба кыйкырып чыксак 2—3 күн баатыр болоорбуз. Дүйнө эли кол чабышат. Анан? Эки күндүк кол чабуу… Отуз жыл батыш менен ымалалаш болгон Украина кепилдикке жете албай койгонун кечээ көрдүк. Эки күндө Кыргызстанды “келегой” бирөө эшик ачып бере коебу. Арсармын. Ошондо да кичинекей өлкө болуп туруп ушул позицияда туруп жатасыңар деп көрүп билген француздар колумду кысып жатышат. Ошого шүгүр. 

    Канчалык бул окуяга кейибейли бирок баардык державалар “бул окуядан кандай пайда табабыз” деген ойду да ойлобой койгон жок. Бул дагы тарыхый чындык. Дайыма ушундай болгон жана боло берет. 

    Санкциялар бирөөнүн пайдасына иштейт. Россиянын кен байлыгынан, товар сатып алуучулук потенциалынан баары бир батыш өлкөлөрү караманча баш тартпайт. Эми ал экономикалык жолдор, логистика дейбизби коңшу өлкөлөр аркылуу болот. 2014 жылкы санкциялардан кийин деле ошол эле санкция салган державалар Россиядан “керек заттарды” башка мыйзамдуу жолдор менен алып турганын ынтаа коюп издесеңер тапсаңар болот. Ушул жагдайдан алып караганда Кыргызстан үчүн дагы салмактуу экономикалык салымдарга ээ болуусу мүмкүн. Аны үчүн ар тармактуу сүйлөшүүлөргө барышыбыз керек. 

    Албетте эркин форматта ой жүгүрткөн азаматтарыбызга (анын ичинде мен терең урматтаган инсандар бар) да ырахмат айтып кетким келет. Ошол эле, керек болсо элчиликтин астына барып митинг уюштургандар дагы Кыргызстандын өз алдынча ой жүгүрткөн эгемен өлкө боло аларын тастыктап жатышат. 

    Ал эми мамлекетүүлүк алкагында карай турган болсок эң туурасы, бул акыл калчап иш кылган, ар тараптуу сүйлөшүүлөрдү алып бара ала турган күч дипломатия болуп турат.


Садык Шер-Нияз, Кыргызстандын Франциядагы элчиси

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн