Бугу 08, 2024
Убакыт: 21:27
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Жөнөкөй тажиктер менен чатак чыгарып, чагымчылдыкка алдырбайлы

06.05.2021 08:30
923
Жөнөкөй тажиктер менен чатак чыгарып, чагымчылдыкка алдырбайлы

Кыргызстандын аймагында (өзгөчө аэропортто) болобу, Россиябы же башка жактабы бир дагы тажикстандыкка тийишпегиле, туугандар.


Биринчиден, карапайым жарандарда айып жок. 

Экинчиден, аларга кол көтөрсөңөр албетте "ушинтти" деп арызданышат, ал маалымат каражаттарына чыгат, анан кыргызстандыктарды "зомбулук көрсөткөн" деп айтууга жол ачылат. 

Ачууга алдырганыбыз өзүбүзгө душмандык кылганыбыз болот. Анткени азыр Кыргызстанга, кыргызстандыктарга кантип күнөө койсок экен деп төрт көздөп отурган чагымчылар көп. 

Рахмонго, Путинге ал жетпегенден кийин жөнөкөй тажиктен күчтү чыгарып не пайда?


Али Токтакунов

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн