Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 13:28
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Жоокердин сабалышы: 6 аскер кызматтан бошотулуп, фельдшерге чара көрүлөт

08.06.2022 11:43
475
Жоокердин сабалышы: 6 аскер кызматтан бошотулуп, фельдшерге чара көрүлөт

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов жоокердин сабалышы боюнча 6 аскер кызматкери иштен четтетилгенин билдирди.


ӨКМ башчысынын орун басары бул ишти жашырууга тийиштиги бар бардык жактар өз жазасын алат деп ишендирди.


“Тергөө амалдарын объективдүү жүргүзүү максатында аскер бөлүгүндөгү тиешелүү жетекчилер өздөрүнүн аткарган милдеттеринен убактылуу четтетилди. Ошондой эле ур-тепкиге кабылган жоокерди текшерүүгө алып, бирок анын жаракаттарын жашырган фельдшерге дагы тиешелүү чара көрүлөт”, - деди ал.


Шамырканов бул жерде бирөөнү жашырып, дагы бирин коргогон учур болбой турганын, күнөөлүүлөрдүн бардыгы өзүнүн жазасын ала турганын белгиледи.


Эскерте кетсек, ӨКМдин жоокери ур-токмокко алынганын анын жакындары социалдык тармактарга жазган. Ал эми Башкы прокуратура ӨКМдин аскер бөлүгүндө жоокерди сабады деген прапорщик кармалганын билдирген.


 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн