Бугу 04, 2024
Убакыт: 08:43
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Жоопкерчилик менин мойнумда. Ташиев каза болгон жарандардын ата-энелеринен кечирим сурады

19.09.2022 15:00
371
Жоопкерчилик менин мойнумда. Ташиев каза болгон жарандардын ата-энелеринен кечирим сурады

Бүгүн, 19-сентябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен шаарында Ак-Сай айылынын тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу "Спутник Кыргызстан" кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, жолугушууга облус башчысы Абдикарим Алимбаев да катышкан.


"Ар бир аскер мен үчүн өзүмдүн баламдай. Биз аларды жоготтук, бирок өлкөнүн бүтүндүгүн сактап калдык. Алар өмүрүнүн акырына чейин мекендин бүтүндүгү үчүн күрөшүп курман болду.

Мен сиздердин балдарыңыздардын жанын сактай албадым. Буга мен жоопкерчиликтүүмүн",- деди Ташиев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн