Жалган курандын 19, 2024
Убакыт: 13:50
USD
89.40
89.87
EUR
97.20
98.20
RUB
0.960
0.990

Жоопкерчилик тартууга даярмын. Депутат Жаныбек Абиров өзү катышкан мушташ тууралуу пикирин билдирди

14.03.2023 12:14
2629
Жоопкерчилик тартууга даярмын. Депутат Жаныбек Абиров өзү катышкан мушташ тууралуу пикирин билдирди

Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров өзү катышкан мушташ тууралуу пикирин билдирди. Бул тууралуу депутат социалдык тармактагы баракчасына жазды.


Ал одоно ката кетиргенин мойнуна алып, шайлоочулардан жана сабалган баланын апасынан кечирим сураган.


"Мага байланыштуу окуяга баарыңыздар күбө болдуңуздар. Учурда укук коргоо органдары иликтеп жатат, мен алар менен кызматташып, бардык керектүү маалыматтарды берүүгө даярмын. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартууга даяр экендигимди жана болгон окуянын олуттуулугун толук түшүнүп жаткандыгымды баса белгилегим келет.


Мен эл өкүлү катары, кандай гана жагдай болбосун, эмоцияга алдырбашым керек болчу. Ооба, мен ката кетирдим, чоң күнөө мойнумда бар жана кырдаалды жөнгө салуу үчүн бардык күч-аракетимди жумшоого даярмын. Аргенден, анын үй-бүлөсүнөн, жакындарынан чын жүрөктөн кечирим сураймын жана бардык колдоолорду көрсөтүүгө даярмын. Ошондой эле окуяга байланыштуу кыргызстандыктарды жана жалпы шайлоочуларымды кабатырланткандыгым үчүн кечирим сурайм.


Апаларыбыздын жүрөгү эч качан оорубасын. Кечээги окуя болуп өткөн үчүн терең өкүнөмүн. Мени кечирип коюуңуздарды суранамын",– деди депутат Абиров.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Эльмира Бакасбаева
Сендей адамдар депутат болбошу керек.Эми кечирим сурагандан пайда жок убагында ойлонуп иш кылып жур.. Эл сени кантип шайлады экен