Бугу 18, 2024
Убакыт: 19:15
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Жоошев: Садыр Жапаров үгүт иштери боюнча мыйзамды бузууда

16.12.2020 17:49
4027
Жоошев: Садыр Жапаров үгүт иштери боюнча мыйзамды бузууда


Садыр Жапаров "Мамлекеттик коргоо жөнүндө" мыйзамды бузуп, мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоодо УКМК кызматкерлерин үгүт иштерине тартты. Бул тууралуу адвокат Замир Жоошев билдирди.

 

Адвокат "Мамлекеттик коргоо жөнүндө" Мыйзамдын 15-беренесине ылайык, Мамлекеттик күзөт кызматынын кызматкерлерин кызматтык милдеттерине байланышпаган функцияларды аткарууга тартууга тыюу салынат деп эскертет.

 

«Жаңылбасам, мамлекеттик коопсуздук кызматкерлери коопсуздук функциясынан тышкары, президенттикке талапкерди үгүттөшөт. Мамлекеттик күзөт кызматынын кызматкерлери үчүн Садыр Президентинин калпагын кийүү УКМКнын тутумундагы кызмат абалынын төмөндөшү болуп саналат», - деп белгиледи Замир Жоошев.

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Доолатов У
Мыйзам бузуу болгон эмес деп билем мен бул туура эмес
Таа
Бул башталышы