Биз укмуш эле эл болуп калдык. Эмнегедир адам чоң кызматта иштеп жүрүп кеткенден кийи иши оңолбой, кыйналып, жүдөп калуусун көргүбүз келет. Сүйгөн адамың менен сүйлөшпөй, жүрбөй калсаң, же түгөйүң менен ажырашып кетип бир топ убакыттан кийин жоолугуп калып ал кишинин жүдөп, кебетеси кетип калуусун каалап, менин баркымды билсин ошентип, жыргап жүргөнүн билген жок, мына отурсун эми чимкиригин чубалтып, кыйналып, ырас болуптур, ушуну көрмөк...деп айткыбыз келет. Тууганың, кесиптешиң, жумушчуң, айрым досторуң сенден ар кандай себептерден улам кетсе деле ушул көрүнүш кыргызда.
*****
Мейли, ошол айтылган адамдар сиздерден кийин ошондой болуп жүдөп-какап, шымына чычып, өлөйүн деп калыптыр дейли. Ошенткенине өкүнүптүр миң жолу дейли. Силерди баалады, өкүндү, ыйлады, чимкириги чыкты, башка сиздин кыялдагы чмонун баары чыкты дейли. Сиз көрдүңүз, анан 5 мүнөт, 20 мүнөт, мейли бир саат моралдык оргазм алдыңыз, анан? Анан сизге эмне берди ошо? Байге, акча, бийлик? Ошол мүнөттүк моралдык оргазм үчүн ушунча жамандык тилеп, уктабай, тамак ичпей калганга чейин көралбастык кылып кереги барбы? Ойлончу тууган! Андан көрө ошо адамдар андан ары ийгиликтүү болуп, жашоосу жакшы болуп, сиз менен жолукканда бажырайып күлүп, ушул адам менен жалаң жакшы көз ирмемдер өттү деп кубанып турса кандай сонун! Кандай керемет!
Илим Карыпбеков
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн