Ирандан келген айдоочуларды коопсуздук үчүн обсервацияга алынган. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Мадамин Каратаев жыйында айтты.
Анын айтуусуна караганда сырт жактан келген ар бир жаран обсервацияга жаткырылат.
"Ош шаарынын Кашкар кыштак айлындагы “Кочкор-Ата” бейтапканасында 23 адам обсервацияга жаткырылды. Ирандан келген айдоочулардын абалы турукту. Аларды 2 жумалык карантинге жаткырганбыз. Алардын инкубациялык мөөнөтү бүткөндөн кийин кайрадан анализ алынып, эгер таза чыкса, анда бейтапканадан чыгарылат”, - деди Каратаев.
Ал эми жакынкы күндөрү Россиядан келе турган жарандарды аэропорттон текшерүүгө алынарын айтты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн