Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 23:07
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Жүк ташуучу унаалар тажик-өзбек чек арасынан өтө албай турат

25.06.2021 17:57
1091
Жүк ташуучу унаалар тажик-өзбек чек арасынан өтө албай турат

Тажик-өзбек чек арасында 21-июндан бери кыргызстандык айдоочулардын жүк ташуучу унаалары токтоп турат. Кыргызстандын Тажикстандагы элчилиги бул окуя алардын өзгөчө көзөмөлүндө экенин билдирди.


Элчиликтин маалыматына караганда, тажик-өзбек чек арасынан Кыргызстандын 10 жүк ташуучу унаасы өтө албай турат.


«23-24-июнда Тажикстандын өкмөтү менен сүйлөшүүлөр болду. Пикир алышуу уланууда», - деп билдирди Кыргызстандын элчилиги.


Май айында Кыргызстан убактылуу Тажикстан менен чек арасын жапкан. Тажик тараптан кыргыз айдоочуларынын эл аралык жүк ташуу менен алектенүүсүнө расмий түрдө чектөө киргизилген эмес.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн