Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 06:58
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылды

20.08.2024 12:34
146
Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылды


Бүгүн Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Бишкек жылуулук тармагы" муниципалдык ишканасы аталган көчөнүн Горький көчөсүнөн Кулатов көчөсүнө чейинки бөлүгүндөгү магистралдык жылуулук тармактарын реконструкциялоо иштери аяктагандыгына байланыштуу унаа кыймылы үчүн ачылды.

Ал эми Медеров көчөсүнөн Горький көчөсүнө чейин жайгашкан жылуулук тармагынын калган тилкелеринде иштер уланууда жана август айынын аягына чейин бүткөрүлөт.–

Эскерте кетсек, "Бишкек жылуулук тармагы" ишканасы Жукеев-Пудовкин көчөсүн бойлой магистралдык жылуулук тармагын масштабдуу реконструкциялоодо. Бул долбоордун алкагында диаметри 700 мм болгон түтүктөр толугу менен диаметри 900 мм болгон түтүктөргө алмаштырылып, бардык жапкычтар жаңыланды. Реконструкцияланган тармактын жалпы узундугу 845 метрди түзөт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн