Кулжа 26, 2024
Убакыт: 14:52
USD
86.40
87.30
EUR
92.30
93.30
RUB
0.960
1.000

Жумабеков ишканаларды өз кызматкерлерин пандемиядан коргоого чакырды

28.05.2020 15:52
1114
Жумабеков ишканаларды өз кызматкерлерин пандемиядан коргоого чакырды

 

Бүгүн, 28-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Дастанбек Жумабеков өндүрүш ишканалары пандемия маалында өз кызматкерлеринин коопсуздугуна көңүл бурушу керектигине токтолду.


Андан тышкары төрага коронавирус илдетинин жайылышына каршы күрөш жигердүү жүргүзүлүп жатканын белгилеп, бирок Кыргызстан да, дүйнө да илдетти жеңе электигин кошумчалады. Муну менен катар жарандарды өкмөттүн, республикалык штабдын жана дарыгерлердин сунуштарын угууга үндөдү.


"Бүгүнкү күндө ишканалар, базарлар, соода борборлору иштеп жатат. Бирок илдет чыкканга чейинки абалда иштөөнү улантсак, катачылыкка жол беребиз. Андыктан бардык коопсуздук чараларын сакташыбыз керек. Көрсөтүлгөн эреже - талаптарды аткарышыбыз шарт. Ошондо оору менен күрөшүү жеңил болот", - деди төрага.


Мындан сырткары Дастанбек Жумабеков жарандарды жеке коопсуздук чараларын бекем кармап, бет кап кийүүгө, ооруга каршы коргонуучу каражаттарды колдонууга жана социалдык аралыкты сактоого чакырды. 


 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн