Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 18:29
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Жумгал райондук соттун судьясы пара алууга шектелип кармалды

22.06.2022 17:41
722
Жумгал райондук соттун судьясы пара алууга шектелип кармалды


Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитет Жумгал райондук соттун судьясы А.А пара талууга шек саналып кармалып, тергөө абагына киргизилгенин кабарлады.

УКМК өткөн айдын соңунда судья А.А жана аталган райондун прокурорунун орун басары акча каражатын алып жаткан жеринен кармалганын, Кылмыш-жаза кодексинин "Опузалап пара алуу" беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдирген. Мурдараак райондук прокурордун орун басары эки айга тергөө камагына киргизилген.

17-июнда мамлекет башчы Садыр Жапаров Жумгал райондук соттун судьясы Ачылбек Арзиевди кызмат ордунан убактылуу четтеткен жарлыкка кол койгон. Ага чейин Судьялар кеңеши Башкы прокуратурага Арзиевди кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берген.

Өткөн айдын соңунда Башкы прокуратура Жумгалда судья менен прокурордун орун басары пара алып жаткан жеринен кармалганын билдирген. Мындан көп өтпөй эле Соттор кеңеши бул маалыматты төгүндөгөн. Бирок Башкы прокуратура бул билдирүүнү кайра жокко чыгарган жана судьяны жоопко тартууга Соттор кеңешинин макулдугу керектигин белгилеген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн