Бугу 15, 2024
Убакыт: 13:02
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Жумгал районунда ат туризми боюнча фестиваль өтөт

05.07.2023 10:50
794
Жумгал районунда ат туризми боюнча фестиваль өтөт


Нарын облусунун Жумгал районундагы Кызарт айылында 21-июлдан 23-июлга чейин алгачкы жолу Кызарт-Килемче-Соң-Көл ат турлар фестивалы өтөт.

Туризм департаментинен билдиришкендей, фестивалдын максаты - жергиликтүү калктын туризмге болгон кызыгуусун арттыруу жана аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошуу -жергиликтүү туризм ишмердүүлүгүн туруктуу өнүктүрүү жана жайылтуу болуп саналат.

Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, биринчи күнү Кызарт айылында фестивалдын салтанаттуу ачылышы, концерт, шырдак-шоу, улуттук тамак-аш жана суусундуктардын көргөзмө-жарманкеси, улуттук оюндар пландалган. Экинчи күнү Килемче жайлоосунда ат, жөө, джип жана вела турлар өткөрүлмөкчү. Үчүнчү күнү Соң-Көл жайлоосуна келүү пландалган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн