Бугу 07, 2024
Убакыт: 07:30
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Жумгал районунда селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө (фото)

02.08.2020 12:37
1113
Жумгал районунда селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө (фото)



Жумгал районунда 27-29-июль күндөрү жаап өткөн жамгырдын кесепетинен бир катар айылдарды сел каптап, учурда тазалоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

 


Маалыматка ылайык, Чаек айыл аймагынын Май-Кокту, Кашка-Терек тилкесиндеги коктулардан келген селден Күчүк-Арык каналына суу батпай ашып, Э.Сапарбеков көчөсүндө жайгашкан 31 турак үйлөрдүн короолорун, 6 турак үйдүн жер төлөөлөрүн суу каптаганСуу чарба башкармалыгынан 1 экскаватор тартылган. Турак үйлөдүн короолору толук тазаланып бүткөрүлгөн, ал эми тартылган техниканын жардамында Май-Кокту тилкесинде сел калдыктарын тазалоо иштери жүргүзүлгөн. 2-август күнү селдин кесепеттерин жоюу иштери улантылат.



Кызыл-Жылдыз айылында28-29-июль күндөрү жааган жамгырдын кесепетинен Чолок-Терек өрөөнүндө сел жүрүп, 7 га айдоо жерлерин суу каптаган. Жумгал райондук суу чарба башкармалыгынын балансындагы күнүмдүк суу сактагычты (БСР) жарып кетүү коркунучу жаралган. Ошондой эле Чолок-Терек дамбасынын 4 жеринен суу жеп, 1 чакырым аралыгын кум-шагылга толтурган. Суу чарба башкармалыгынан 1 жүктөгүч, айыл аймактан 1 экскаватор тартылган.



31-июль күнү 300 капка кум толтуруп, жээк бекемдөө иштерин жүргүзүлгөн. 1-август күнү тартылган техниканын жардамында дамбаны калыбына келтирүү жана бекемдөө иштери жүргүзүлгөн. ӨКМдин Нарын облусу боюнча башкармалыгынан 300 литр дизелдик күйүүчү май бөлүнүп берилген. 2-август күнү иш-чаралар улантылат.



Ошондой эле Куланак айыл аймагында 1-август күнү катуу жааган жаандын кесепетинен Нурбай-Булуң каналына суу батпай ашып, Таштанбек көчөсүндө жайгашкан 14 турак үйлөрдүн короолорун, Касымалы Ажы көчөсүндө жайгашкан 12 турак үйлөрдүн короолорун жана Шүкүрбек көчөсүндө жайгашкан 2 турак үйлөрдүн короолорун суу каптаган. Куткаруучулар жеринде тактоо иштерин жүргүзүшкөн. 2-август күнү тазалоо иштери жүргүзүлөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн