Бугу 03, 2024
Убакыт: 17:11
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Жумгал районунун судьясы жана прокурордун орун басары пара алып жаткан жеринен кармалды

20.05.2022 13:44
330
Жумгал районунун судьясы жана прокурордун орун басары пара алып жаткан жеринен кармалды



Башкы прокуратурасы тарабынан Нарын облусунун Жумгал райондук сотунун судьясы А.А. жана райондук прокурордун орун басары О.Ж. 50 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалышты. Бул туурасында Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.


Маалыматка ылайык, Жумгал районунун судьясы А.А. райондун прокурорунун орун басары менен биргелешип, Х.Д. аттуу жарандан ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу жана коротуу беренеси менен айыпталган анын жакын тууганына карата сотто ишти кыскартуу жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн 50 миң сом өлчөмүндөгү пара талап кылышкан.


Прокурордун орун басары убактылуу кармоо жайына киргизилди.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн