Нарын облусунун Жумгал районунда балык уулоого кеткен эки кишини издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, Жумгал районунда 5-июнь күнү Миң-Куш айылынын 42 жана 43 жаштагы тургундары Өрнөк айылындагы Көкөмерен дарыясына балык кармоого кеткен боюнча дайынсыз болгон жарандарды издөөгө 13 куткаруучу тартылып, издөө иштери улантылып жатат.
Эске салсак, буга чейин Жумгал районунда балык уулоого кеткен эки киши дайынсыз болуп жатканы айтылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн