Нарын облусунун Жумгал районунда
балык уулоого кеткен эки кишини издөө иштери убактылуу
токтотулду. Бул
тууралуу “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма
сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, Жумгал районунда 5-июнь күнү Миң-Куш айылынын 42 жана 43 жаштагы тургундары Өрнөк айылындагы Көкөмерен дарыясына балык кармоого кеткен боюнча дайынсыз болгон жарандарды издөө иштери суунун деңгели көтөрүлүп кеткенине байланыштуу убактылуу токтотулду.
Кечээ, 18-июнда издөө иштери улантылып, натыйжа чыккан эмес.
Эске салсак, буга чейин Жумгал районунда балык уулоого кеткен эки
киши дайынсыз болуп жатканы айтылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн