Тогуздун айы 22, 2024
Убакыт: 14:29
USD
85.35
85.85
EUR
92.00
93.00
RUB
0.878
0.910

Жумгалда дайынсыз болуп жаткан 2 адамды издөө иштери уланууда

22.10.2024 12:14
20
Жумгалда дайынсыз болуп жаткан 2 адамды издөө иштери уланууда


Жумгал районуна караштуу Өрнөк айылында жайлоодо мал кайтарып жүрүп дайынсыз болуп жаткан жергиликтүү эки тургунду издөө иштери улантылууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Бүгүн ӨКМден 18 куткаруучу, кошумча ички иштер органдарынан 15 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 60, жалпы 93 адам издөө иштерин жүргүзүүдө.

Белгилей кетсек, 2024-жылдын 16-октябрь күнү 1979-жылы туулган К.Б. жана 2015-жылы туулган С.Б. аттуу жарандар мал кайтарууга жайлоого кетип, дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат 19-октябрда түшкөн.

Ошондон бери издөө иштери жүрүүдө. Кечээ, 21-октябрда ӨКМден 15 куткаруучу, ИИМден 23 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 73 жалпы 111 адам тартылган.

Кошумча маалымат берилет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн