Жумгал районунда дайынсыз болуп жаткан адамдын жансыз денеси 5 күндөн кийин табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 14-июль күнү Кабак айыл аймагынын Дүмдүрөмө айылында 1992-жылы туулган жаран үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат КР ӨКМне 18-июль күнү түшүп, издөө иш-чаралы жүргүзүлгөн.
19-июль күнү жоголгон жарандын жансыз денеси туугандары тарабынан табылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн