Жумгалда Көкөмерен суусунун жээгинен эркек кишинин сөөгү табылып, ал бир айдан бери изделип жаткан киши экенин ИИМден билдиришти.
"Маркумдун тогуз жаштагы уулун издөө иштери улантылат. Ага укук коргоо органдарынын кызматкерлери, ыктыярчылар жана жергиликтүү тургундар тартылган. Бардык аракеттер көрүлүүдө", — деп айтылат маалыматта.
Кечээ ӨКМ ата-баланы активдүү издөө токтотулганын, бир жумада эки ирет жүргүзүлөрүн кабарлаган.
Эскерте кетсек, малга кетип ошол боюнча дайынсыз болуп жаткан ата-бала 19-октябрдан тарта изделип жаткан. Маалыматта 45 жаштагы К.Б. аттуу жарандын сөөгүн табууга кинологдор тартылып, кызматтык иттер жардам бергени жазылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн