Бугу 17, 2024
Убакыт: 17:26
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Жумгалда кыска мөөнөттө жаап өткөн жамгырдан 15 турак үйдүн короолорун суу каптады (фото)

23.06.2020 20:37
1272
Жумгалда кыска мөөнөттө жаап өткөн жамгырдан 15 турак үйдүн короолорун суу каптады (фото)


 

Бүгүн, 23-июнда саат 14:30 чамасында кыска мөөнөттө жаап өткөн жамгырдын кесепетинен коктулардан келген суулар Жумгал районунун Чаек айылында жайгашкан 15 турак үйлөрдүн короолорун каптаган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.


Маалыматка ылайык, тазалоо иштерине ыкчам топ, 20 куткаруучу, айыл аймактан 1 жүктөгүч, 1 экскаватор жана жергиликтүү тургундардан 40 адам тартылган.


Кошумча маалымат берилери айтылат.


Белгилей кетсек, 23-июнда түнкүсүн облустун кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 24-июнда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн