Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 06:43
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Жумгалда милиция жергиликтүү жашоочулар менен жолугушууларды өткөрүүдө

20.11.2020 10:53
519
Жумгалда милиция жергиликтүү жашоочулар менен жолугушууларды өткөрүүдө

2020-жылдын 19-ноябрь күнү Жумгал райондук ички иштер бөлүмүнүн демилгеси менен Жумгал райондук жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана Жумгал РИИБнин начальниги, милициянын подполковниги Жаныбек Ашыралиев  милициянын көчмө кабылдамасы менен  Жумгал районунун  Ак-Булак, Өрнөк айыл аймактарын  кыдырып, бардык санитардык-карантиндик эрежелерди сактоо менен жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.


Жолугушуу учурунда  элдин    көйгөйлүү маселелерди угуп, жеринен көмөк көрсөтүп келишти.  Андан сырткары өлкөдө болуп жаткан Covid 19  илдетин алдын алуу жана жайылтып албоо максатында да түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.


Натыйжада, милициянын көчмө кабылдамасына  8 жаран кабыл алынды. 4 адам ыраазычылык билдирмелерин калтырып кетишти.


Мындай иш-чара  райондун баардык айыл аймактарына улантылат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн